Менчикке өткөн жерлер Эне жана баланы коргоо борборуна өттү

Менчикке өткөн жерлер Эне жана баланы коргоо борборуна өттү

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында 23 млн 270 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тергөөдө, 2007-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзам талаптарын одоно түрдө бузушуп, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган.

Тергөө учурунда, жарандардын жер тилкелерге болгон жеке менчик укуктары жокко чыгарылып, мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгып кеткен кыймылсыз мүлктөр кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>