Кыргызстандын Instagram’да расмий баракчасы ачылды

Кыргызстандын Instagram’да расмий баракчасы ачылды

Кыргызстандын Instagram’да расмий баракчасы ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Расмий баракча Visit Kyrgyz Republic деп аталат. Ал 1-сентябрда ачылып, баракчага ар кайсы өлкөдөн миң адам катталган.

Баракчада Кыргызстандын табиятын, каада-салтын, тарыхын чагылдырган сүрөттөр менен видеолор жарыяланып турат. Алар бир эле туристтерге эле эмес кыргызстандыктарга да кызыктуу болушу мүмкүн.

«Баракчада туристтер үчүн лайфхактар жарыяланып, башкысы биздин өлкөнүн кызыктуу, көпчүлүк көрө элек жерлери тууралуу маалыматтар болот. Сиздер да Visit Kyrgyz Republic баракчасына кызыктуу сүрөт жана видеолорду жөнөтө аласыздар. Кайталангыс кооз жаратылышы жана меймандос эли бар Кыргызстанды бирге тааныталы», — деп билдирет фонд.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от VISIT KYRGYZ REPUBLIC ?? (@visit.kyrgyz.republic)

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>