Мэр: Чынында Ошто жолдордун абалы начар

Мэр: Чынында Ошто жолдордун абалы начар

Ош шаарындагы абалы начар Алиев көчөсү асфальтталып, тротуар курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Алиев көчөсүнүн абалы менен таанышып, жашоочулар менен жолугушту. Шаар башчысы Алиев көчөсү жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальтталып, жаңы тротуар курулаарын билдирген.

“Чынында Ош шаарында негизги да, ички да жолдордун абалы начар. Жыл сайын каражатка жараша иштер аткарылып жатат. Алиев көчөсүндө 1 чакырымдан ашуун жолду асфальттап, жолдун эки тарабына тротуар курабыз. Ирригациялык лотокторду да алмаштырып, түнкү жарыктандыруу системасын жакшыртабыз. Шаарда быйыл бир канча ички жолдорго жаңыдан асфальт басылат. Бүгүндөн баштап шаардагы негизги жолдору жамоо иштери да башталды”, — деген Сарыбашов.

Курулуш иштери май айында башталып, күзгө чейин пайдаланууга берилери айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>