Мэр Жунушалиев Бишкектин жаңы жылга карата даярдыгы менен таанышты

Мэр Жунушалиев Бишкектин жаңы жылга карата даярдыгы менен таанышты

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев борбордук «Ала-Тоо» аянтын жаңы жылдык майрамдарга даярдоого катышып жаткан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин иши менен таанышты.

Ушул тапта «Тазалык» ишканасынын бригадасы өлкөнүн башкы балатысын куруу үчүн рамканы монтаждоо иштерин дээрлик аяктап калды, андан кийин 1400 балаты бутактарын кооздоого киришет. Белгилей кетсек, балатынын бийиктиги 25 метр, ал эми таманынын диаметри 12 метр.

Майрамдын негизги символу жана борбордук аянттын өзү салттуу майрамдык жаңы жылдык стилде жасалгаланат.

“Быйыл каражатты үнөмдөө үчүн биз эски жасалгаларды да колдонобуз, алардын көбү «Бишкексвет» цехинде жасалган, былтыркы жаңы жылдык майрамдардан кийин биз аларды кылдаттык менен сактап калдык”, — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, I-Media чыгармачылык бюросу тарабынан шаар тургуну, дизайнер Нурбек Насыранбековдун образында жасалган Бишкек-2022нин заманбап символдору борбордук аянттын салттуу жасалгасына жаңы дем берет.

Сүрөтчүлөрдүн айтымында, концепциянын идеясы улуттук көркөм кол өнөрчүлүктүн элементтерин, майрамдык фейерверктерди жана минималисттик кар бүртүкчөлөрүн камтыйт. Максаты – улуттук баалуулуктарды унутпай, шаардыктарга майрамдык маанай тартуулоо.

Шаарды кооздоо боюнча бардык иштер декабрь айынын ортосуна чейин созулат.

Бишкек мэриясы витриналарды, кеңселерди, имараттарды жана башка объектилерди жасалгалоодо бирдиктүү стилди карманууну сунуштоодо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>