Садыр Жапаров Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугуштуМинистрлик сейрек кездешүүчү жана дары чөптөрдү жыйноого салынган тыюу тууралуу эскерттиИлон Маск тарыхтагы алгачкы триллионер болдуБишкекте Киев көчөсүндөгү кыймыл эки айга чектелетБишкек – Балыкчы поезди 13-14-июнда пляжга чейин барбайт10 жылдан кийин: Кыргызстан менен Грузия өкмөттөр аралык комиссиянын ишин кайра жандандырды
Мэрия 4 транспорттук компания менен келишимди үзөт
22.02.2024 | 18:00
Бишкек мэриясы шаарда жүргүнчүлөрдү ташыган 4 транспорттук компания менен келишимди бир тараптуу үзөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган ишканалардын унаалары 16ынчы жана 19-февралда каттамга туруктуу чыккан эмес.
Милдеттемелерин так аткарбагандыгы үчүн «Акжолтой», «Ника Плюс», «Спейсталс» жана “ЖТБ” менен каттамды ижарага алуу келишими токтотулат.
Мэриянын маалыматында, бир айдын ичинде 7 каттам (120 кичи автобус) линиядан чыгарылып, алардын ордуна автобус каттамдары ишке киргизилди.
Муниципалитет күнү-түнү рейд жүргүзүп, коомдук транспорттун жүрүү убактысын көзөмөлгө алмакчы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом