Көкүлов: Мектептерден китеп табуу — Нарын дарыясынан крокодил тапкандай маселе (видео)

Көкүлов: Мектептерден китеп табуу — Нарын дарыясынан крокодил тапкандай маселе (видео)

Кыргызстанда мектептерден китеп табуу Нарын дарыясынан крокодил тапкандай маселе болууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов билдирди.

Жыйында Көкүлов мектептердеги китептердин жетишсиздиги тууралуу маселени көтөрдү. Көкүлов ал сөз алганга чейин башка кесиптештери бул көйгөйдү айтып өткөнүн билдирип, аталган маселе боюнча бир гана сөз айтарын кошумчалады.

«Мектептерден китеп табуу Нарын дарыясынан крокодил тапкандай маселе болуп жатат», — деди ал.

Эскерте кетсек, Нарындагы дарыясындагы крокодил тууралуу кеп азыр билим берү министри кызматын ээлеп турган Каныбек Иманалиевге таандык. Мындан төрт жыл мурда парламенттин жыйынында ошол учурда депутат болуп турган Каныбек Иманалиев ага кылмыш ишин табуу мүмкүн эместигин билдирип, «мага кылмыш ишин табуу, Нарын дарыясында крокодилди тапкандай иш» деп айткан.

4-сентябрда депутат Эрулан Көкүлов Билим берүү министрлигине барганда, министр Каныбек Иманалиев менен кайым айтыша кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>