Юристтин ордуна жасалма интеллект? КУУнун студенти «Мыйзамчы» укуктук жардамчысын кантип түздүКР Курулуш министрлиги көйгөйлүү курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүүнү пландап жататБишкекте үч фонтан ачылып, муниципалдык кызматкерлер сыйланды — сүрөтЭрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылды
Миграция кызматы: Кытайлык мигранттар Кыргызстанга кайта башташты
19.02.2020 | 11:01
Кытайлык мигранттар Кыргызстанга кайта башташты. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 18-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Ибраимжановдун айтуусунда, алар жаңы жылдык эс алуу учурунда мекенине кетип, эми кайра ишине кайтып жаткандар. Учурда Кыргызстанда Кытайдын беш миң жараны жүрөт. Ал эми жалпы кытайлык мигранттардын саны 8-9 миңге жетет. Алар негизинен жол куруу жана тоо-кен ишканаларында иштешет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом