Милиционер сабаганын айткан аял ооруканада. Милициянын версиясы 

Милиционер сабаганын айткан аял ооруканада. Милициянын версиясы 

Каракол шаарынын тургуну Елена Калмыкова ШИИБдин кызматкерлери тарабынан сабалганын айтып, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, прокуратурага арыз жазган. Бул тууралуу укук коргоочу Камиль Рузиев билдирген.

Жабырлануучунун айтымында, дарыгерлер ага баш мээси чайкалган жана көптөгөн көгала тактар ​​деген диагноз коюшкан.

Елена окуя бир күн мурун Каракол шаарындагы кафелердин биринде болгонун айткан. Ал официант менен урушуп кеткен. Ал администраторго арызданган. Алар милицияга кайрылган.

«Алар мени уккан да жок. Мени кармап, бөлүмгө алып барышты да, сабап салышты. Кафенин администратору жана кызматкерлери мага эч кандай дооматы жок экенин айтып, тосмо арыз  жазышкан», — деп белгиледи Елена Калмыкова. Азыр аял ооруканада. Дарыгерлер анын абалын орточо деп баалап жатышат.

Ал эми Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы Елена Калмыкова милиция кызматкерлери тарабынан сабалбаганын билдирип, окуя кандай болгонун маалымдаган.

“6-октябрь күнү саат 22:00дөр чамасында Каракол ШИИБге Каракол шаарынын 34 жаштагы О.Э аттуу тургуну кайрылып, ага таандык кафеден европа түспөлүндөгү аял, мас абалында ызы-чуу чыгарганын билдирген. Бул билдирүү Каракол ШИИБдин электрондук маалымат журналына катталып, окуя болгон жерге милициянын өздүк курамы жөнөтүлгөн.  Келген милиция кызматкерлери Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну Е.К. кафеде жаңжал чыгарып, коомдук тартипти бузуп жатканын көрүшкөн. Анын алкоголдук ичимдиктерди ичкендиги үчүн медициналык кароодон өткөрүшүп, экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, Е.К. мас абалында экени аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, милиция окуя тууралуу маалымат берген О.Э жана билдирүүдө көрсөтүлгөн Е.К. эки тараптан тең көрсөтмө алуу үчүн Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилгенин билдирди.

“О.Э көрсөтмө берип жатканда Е.К. кайрадан ызы-чуу чыгарып, милиция кызматкерлерине тоскоолдук жарата баштаган. Андан соң милиция кызматкерлери аны башка кеңсеге алып кетишкен. Бирок ал жерде да Е.К. өзүн агрессивдүү алып бара баштаган, милиция кызматкерлеринин бир нече жолу эскертүүсүнө карабай, адепсиз сөздөрдү айтып, столдун үстүнөн милиция кызматкери Т.К.га тиешелүү iPhone X-R телефонун тартып алып, күч менен жерге ыргыткан. Натыйжада телефондун дисплейи бузулган”, — деп билдиришти милициядан.

Бул факты Каракол ШИИБдин электрондук маалымат журналына да катоого алынган.

“Бардык керектүү процедуралардан кийин Е.К ата-энесинин коштоосунда үйүнө чыгарылган. Милиция кызматкерлеринин бардык аракеттери видеого тартылып алынган, анда Е.К аттуу жарандын сабалышы боюнча фактысы жок. Тескерисинче, Е.К. милиция кызматкерлерине адепсиз сөздөрдү айтып, аларды уруп-сабоо аракеттери менен коштолгон”, — деп айтылат маалыматта.

7-октябрда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына облустук бириккен ооруканадан Е.К. арыз менен кайрылган. Анда ал милиция кызматкерлери сабаганын билдирген. Билдирүу прокуратура органдары тарабынан каралууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>