Жалал-Абад: Жүз миң сомдон алган 50 үй-бүлө ишкердигин баштады

Жалал-Абад: Жүз миң сомдон алган 50 үй-бүлө ишкердигин баштады

Ала-Бука районунда чакан бизнести уюштурууга 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сертификаттарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчисинин орун басары Жылдыз Полотова тапшырды.

Бул иш-чаранын негизги максаты- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарт түзүү, аларды оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн жигердүү кадамдарга үндөө, эмгектик жана мүлктүк потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. Буга кошумча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өзүн-өзү иш менен камсыз кылуусу жана кошумча жумуш орундарын түзүү.

Шаардык мэрия маалымдагандай, социалдык келишимдин негизинде берилген 100 миң сом менен 50 үй-бүлө чакан ишкердигин баштады.

Алардын арасында тигүүчүлүк, сүттү кайра иштетүү, мал-жандыктарын багуу, такси кызматын көрсөтүү, нан азыктарын бышыруу, соода-сатык, сулуулук салондорун ачуу жана тамак-аш бышырып саткандар бар.

Долбоордун максаты эмгекке жарамдуу жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын же өз алдынча иштөө шарттарын түзүү, жакырчылыкты азайтуу жана жумушсуз жарандардын санын кыскартуу болуп саналат.

Эскерте кетсек, долбоорду каржылоо үчүн республикалык бюджеттен 292 млн сом каражат бөлүнгөн. Ал каражат өлкө боюнча 2 миң 800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон ишкердик баштоо үчүн кайтарымсыз негизде берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>