Милиционерлердин кармалышы боюнча кимдер жазаланды. ИИМдин жообу

Милиционерлердин кармалышы боюнча кимдер жазаланды. ИИМдин жообу

ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин УКМК тарабынан кармалышы боюнча кимдер жазаланганын билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган маселеге байланыштуу ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өткөрүлгөн.

Анын жыйынтыгы менен Азамат Ногойбаев Бишкек шаардык милициясынын башчысы, Кылычбек Жолдошов шаардык милициянын башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары, Мухтарбек Токтогулов шаардык милициянын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча кызматынын (башкармалык укугунда) башчысы кызматынан алынган.

Андан тышкары, Азамат Имангазиев Чүй облустук милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын (башкармалык укугунда) башчысы кызматынан бошотулган.

Кызматтан алынган Азамат Ногойбаевдин ордуна Бишкек шаардык милициянын башчылыгына Азамат Токтоналиев келген. Ал буга чейин Талас облустук милициясынын башчысы кызматын ээлеген.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын ээлеп келген Мыктыбек Болушев Бишкек шаардык милициянын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалган.

Ошондой эле, Азенбек Козукеев Талас облустук милициясынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле башкармалыктын башчысы кызматына, Асрор Тантиев Талас облустук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкармалыктын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалган.

Андан тышкары, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын жетекчилик курамдагы 5 кызматкери,  Бишкек шаардык милициясынын жетекчилик курамдагы 3 кызматкери, Чүй облустук милициясынын жетекчилик курамдагы 4 кызматкери ар кандай тартиптик жазаларга тартылган.

Баңгизат жүгүртүү менен иштеген милиционерлер кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>