Өз өлкөсүнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү карапайым жаранга эмне берет?Мэрия Бишкектин Киев көчөсү кандай болуп өзгөрөрүн маалымдадыКыргызстандыктар узун нарды боюнча дүйнө чемпионатында күмүш жана коло байгелерге ээ болуштуӨзгөндө күрүч таңгактоочу логистикалык борбор ачылдыСадыр Жапаров Кыргызстан менен Палестина курамаларынын футбол оюнуна барды7-июнга карата аба ырайы
Милиция “Ихсан” кооперативинен жабыркагандар акчасын кантип алышарын айтты
18.07.2022 | 21:32
Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ички иштер министри Улан Ниязбеков “Ихсан” коммерциялык эмес турак жай кооперативинен жабыркагандар акчасын кантип кайтарып ала аларын айтты.
Анын айтымында, каражат соттун чечими менен гана кайтарылышы мүмкүн.
“Азыр “Ихсан”, “Биринчи кооператив” ж.б эсептери камакка алынды, тергөө жүрүп жатат. “Ихсандын” аракетинен келтирилген зыян 121 миллион сомго бааланган”, – деди Ниязбеков.
Буга чейин “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы Акинай Бекмурзаева алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар