Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштады
Милиция: “Иниңди абактан чыгарып берем” деп 50 миң доллар алып, алдамчылык кылган аял кармалды
16.09.2023 | 16:04
Баткенде алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткендин тургунун сыртынан тааныш болгон аял бир тууган инисин “абактан чыгарып, ага карата козголгон ишти кыскартып берем” деп 50 миң доллар алып, алдап кеткен. Бул факты боюнча ал милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Баткен районунун 41 жаштагы Н.К. аттуу тургуну (аял киши) кармалып, убактылуу кармоо жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз