Садыр Жапаров Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду«Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөө үчүн баланын жарандыгы тууралуу маалымкат талап кылынатТышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жаңыланган байланыш телефондорун жарыяладыКРСУнун эң масштабдуу бүтүрүү кечесине кантип катталса болот?Кол жүгү катары эмнелерди алууга болот: жүргүнчүлөр үчүн негизги эрежелерСлавян университети кантип жаралган: КРСУнун сүрөттөрдөгү тарыхы
Милиция: Кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдө да зомбулук болууда
12.11.2021 | 14:48
Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларын координациялоо жөнүндө өнүгүү стратегия иштелип чыгууда. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, старегияда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу багытында өз убагында чараларды көрүү, ал кырдаалды чечүү боюнча натыйжалууу чечимдерди кабыл алуу негизги орунда турат.
Ал тургай, кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдө да зомбулук болуп турат. Көп учурда зордук-зомбулуктан жабыркаган адам, үй-бүлөнүн аброюна шек келтирүүдөн коркуп, мамлекеттик органдарга эле эмес, досторунан жана туугандарынан да жардам сураганга батына албаганы менен татаалданышат.
Стратегия качан кабыл алынаары туурасында толук маалымдалган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом