Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
Бир айда Кыргызстандын ИДПсы 71 млрд сомго өстү
12.11.2021 | 14:28
Ушул жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 556 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү 2021-жылдын он айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДП 1,6%га өскөндүгү такталды.
“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДП 506 млрд сомдон ашыкты түзүп, 4,1%га өстү”, – деп айтылат статистикалык бөлүмдүн маалыматында.
Кошумчалай кетсек, ИДП бир айда 71 млрд сомго же 14,63%га өскөн (2021-жылдын январь-сентябрь айларында 485 млрд сомду түзгөн).
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика