Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Милиция: Кара-Сууда эки адам 13 баш мал уурдап, коңшу өлкөгө сатып жиберген
10.10.2024 | 17:23
Ош облусунун Кара-Суу районунда 13 баш мал уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 4-октярга караган түнү Кара-Сууда эки тургундун – биринин 7 баш малы, экинчисинин 6 баш малы уурдалган. Аларга жалпы 800 миң сом зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча “мал уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы А.С. жана 24 жаштагы К.М. уулу аттуу жарандар кармалган.
Милиция билдиргендей, алар уурдалган малды коңшу өлкөгө сатып жиберген.