Таяк тартыш: Милиция кызматкери Азия чемпионатында коло тагынды

Таяк тартыш: Милиция кызматкери Азия чемпионатында коло тагынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясынын күзөт бөлүмүнүн кызматкери Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Азия чемпионатында коло байге тагынды. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 16-18-июнь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында 8 өлкөнүн катышуусунда өткөн.

Ошондой эле, Эржан Акылбек уулу 105 кг салмакта таяк тартыш боюнча Дене тарбия жана спорт департаменти Ысык-Көлдүн Корумду айылында өткөргөн VII «Кыргызстан бермети» эл аралык спорт фестивалында 1-орунду ээлеген.

Аталган жетишкендиктери үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Орозалиев эртең мененки нускама учурунда Эржан Акылбек уулун куттуктап, белектерди тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>