«Росатом» жана ОКӨФ КРде алгачкы шамал электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюшту«Росатом» Бостеридеги Кыргыз-Орус форумуна катышты«Дордой» конушундагы мушташтан кийин алты шектүү кармалдыБишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, лицензиясы токтотулдуМинкаб Энергетика министрлигине күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоону тапшырдыОштогу тергөө абагынын имараты музейге айланат
Милиция кызматкерлери унаада төрөт кабыл алышкан
08.05.2025 | 13:28
Кечээ, 7-майда ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери унаада төрөт кабыл алышкан. Бул тууралуу АКИpress агенттигине дарыгер Гүлжан Жалиева билдирген.
Маалыматта айтылгандай, милиция кызматкерлери Сүйүнбек Молдошев, Руслан Жүндүбаев жана Азамат Талантбек уулу төрөй турган аялды төрөт үйүнө жеткирүүгө аракет кылышкан. Бирок жолдо аял көз жарган.
Чүй облустук төрөт үйүнүн кызматкерлери Токмок шаарынан келген кош бойлуу аялга өз убагында жардам көрсөткөнү үчүн милиционерлерген ыраазычылык билдиришкен.
Дарыгер Жалиеванын айтымында, алардын ыкчам иш-аракетинин натыйжасында ден соолугу чың кыз жарык дүйнөгө келди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар