Баткендин алыскы айылына коомдук алдын алуу борбору ачылды

Баткендин алыскы айылына коомдук алдын алуу борбору ачылды

Бүгүн, 6-июнда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында коомдук алдын алуу борборунун имаратынын ачылуу аземи болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, имарат ИИМ жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жана “Saferworld” уюму менен кызматташтык долбоорунун алкагында Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин Баңгизаттар жана укук коргоо органдары менен байланышкан эл аралык иштер боюнча бюросунун колдоосу менен ачылды.

Ачылыш аземге Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Кубанычбек Колдошов, Баткен районунун акими  Учкун Жоробаев, Баткен районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Шагамурзаев, КААБдын мүчөлөрү, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Коомдук алдын алуу борборунда аксакалдар соту, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар кеңеши милициянын участкалык өкүлү менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.

КААБтын ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр бөлүнүп берилип, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалган.

Программанын алкагында 2021-22-жылдары Ак-Татыр коомдук алдын алуу борборунун капиталдык курулушуна  400 000 сом, компьютердик жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга 315 187 сомдук  финансылык жардам көрсөтүлгөн, Ак-Татыр айыл аймагы тарабынан  курулуш иштерине 1 115 739 сом  жардам берилген.

Жергиликтүү милиция кызматкерлерине Ак-Татыр айыл тургундарынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн, ошондой эле аймактык пунктунун курулушуна жакындан жардам берген жарандарга терең ыраазычылык билдирилип, ИИМдин сыйлыктары тапшырылды.

Коомдук алдын алуу борборлору жергиликтүү жашоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшөт. Аларга түшкөн арыз-даттанууларды, мыйзамсыз аракеттерди жана жашоочулар арасындагы түшүнбөстүктөрдү кароо жана аларды чечүү боюнча жумуштарды жүргүзөт. Ак-Татыр айыл аймагында 7 миңге чукул эл жашап, Ак-Татыр, Рават айылдарын камтыйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>