Милициянын сержанты эр уруш мелдешинде атаандашын 50 секундда жеңди

Милициянын сержанты эр уруш мелдешинде атаандашын 50 секундда жеңди

Нарын облустук милициянын атайын операция отрядынын ыкчам жоокери, милициянын сержанты Тенти уулу Сыймык эл аралык MMA Global чемпионшип эр таймаш мелдешинде жеңүүчү болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Мелдеш 20-октябрь күнү Бишкек шаарында болуп өткөн. Милициянын сержанты Тенти уулу Сыймык өзбекстандык мушкер менен таймашка чыгып, аны 1-раундда 50 секунд ичинде жеңип алган. Бул жеңиши менен ал чемпиондук кур үчүн ат салышууга мүмкүндүк алган.

«Нарын облустук ички иштер башкармалыгы спорттун бир нече түрү менен машыгып, байгелүү орундарды камсыз кылып жүрүшкөн кызматкерлердин ишине ийгилик, билегине күч, ден-соолук жана байгелүү орундарды камсыз кылып жүрө беришине тилектеш», — деп билдирет облустук милиция.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>