Бишкекте жаран $300, iPhone 12 Pro Max телефонун уурдап кеткен (видео)

Бишкекте жаран $300, iPhone 12 Pro Max телефонун уурдап кеткен (видео)

Бишкекте уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 30-сентябрда болжол менен саат 17:50до Бишкектин тургуну Hyundai Porter унаасына жүк жүктөп жаткан учурда, белгисиз жаран анын унаасынын салонунан 300 доллар салынган барсеткасын, iPhone 12 Pro Max телефонун уурдап кеткен. Акчасы менен телефонун уурдатканын билген айдоочу милицияга арыз менен кайрылган.

Арыз каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 36 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалган. Ал мурда уурдоо фактылары боюнча бир нече соттолгону белгилүү.

Шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0501 75 30 75 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>