УКМК 178 миң сом пара алып жаткан милиционерди кармады

УКМК 178 миң сом пара алып жаткан милиционерди кармады

УКМК 178 миң сом пара алып жаткан Токмок шаардык милициянын кызматкерин кармады. Бул тууралуу Улуттук коомсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, коррупциялык көрүнүштөргө каршы иштердин жүрүшүндө Токмок шаардык милициянын кызматкери — улук лейтенант М.Д.К. зордуктоо фактысы боюнча козголгон иши боюнча А.Р. аттуу жаранды кылмыш жообуна тартпоо үчүн 2 миң доллар опузалаганы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, 19-октябрда УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге милициянын кызматкерин 178 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүргөн.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>