Жалал-Абаддагы жарылуу: Күйүк алган эки адамдын абалы оор

Жалал-Абаддагы жарылуу: Күйүк алган эки адамдын абалы оор

Жалал-Абад шаарындагы темир ширетүүчү заводдун жарылышынан улам жабыркаган эки адамдын абалы орто оор деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жарылуудан үч адам олуттуу жаракат алышкан. Бири денесинен 35-40 пайыз күйүк алган, анын абалы орто, ооруканада дарыланууда.

“Жарылуу болгондон кийин оор жаракат алган эки адамды Ош облустук оорунасынын күйүк бөлүмүнө жиберишкен. Бир бейтап денесинен 70-75 пайыз, экинчи бейтап 50-55 пайыз күйүк алган. Алар тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат”, — деп билдиришти аталган ведомстводон.

Буга чейин ӨКМ маалымдагандай, 29-майда Жалал-Абад шаарындагы темир ширетүүчү заводдун меши жарылып, 7 киши облустук ооруканага түшкөн. Кичинчерээк, алардын өздүгү аныкталган.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Жарылуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>