Кыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү ишканалар колдоого алынуудаБишкектеги клуб ээлерине баңгизаттар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилдиЭми дыйкандар министрликтин байланыш борбору аркылуу кеңеш ала алышатӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиКыргызстанда балдардын бир ата-энесинин макулдугу менен чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү сунушталуудаМихаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешине катышуу үчүн Кыргызстанга келет
Министр А.Бейшеналиевге 7 кылмыш боюнча айып тагылды
03.06.2022 | 08:54
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси; төрт кылмыш иши – кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү.
Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет.
Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шектелип кармалган болчу. Ал мамлекетке 1 млрд 581 млн 474 миң 315 сом ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат