Министр Базарбаев COVID-19 менен ооруганы тууралуу айтты — видео

Министр Базарбаев COVID-19 менен ооруганы тууралуу айтты — видео

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жакында эле коронавирус менен ооруп чыкты. Министр оору кандай өткөнү тууралуу Reporter.kg’ге айтып берди.

Базарбаевдин айтымында, ал ооруп жатканда үйдө обочолонууда болгон.

«28-сентябрдан баштап ооруп, 10 күн жаттым. Кечээ чыктым. Коронавирус менен экинчи жолу оорудум. Азыркысы оорураак болду. Бирок Кудайым буйруп, баары жакшы болду», — деди ал.

Эскерте кетсек, Базарбаевдин коронавирус менен ооруп калганы тууралуу 3-октябрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында сөз болгон.

Ооруп калганына байланыштуу министр комитеттин жыйынына келе алган эмес. Анда Базарбаев Москвага барып келгенден кийин коронавирус жуктуруп алганы айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>