Министр Уланбек Мамбетакунов англис тилинде сабак өттү

Министр Уланбек Мамбетакунов англис тилинде сабак өттү

Бүгүн, 9-февралда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов STEAM билим берүү үчүн англис тилин (ESTEAM) жана англис тилин (SNER) окутуу тармагындагы улуттук реформаларды колдоо боюнча долбоорлордун бет ачар аземине катышты.

Министрликтин маалыматына караганда, Уланбек Мамбетакунов англис тилинин учурдагы маанилүүлүгүн баса белгилеп, долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтерди каалады. Ошондой эле министр мектеп окуучулары үчүн англис тилинде сабак өттү.

“Lingua” инновациялык билим берүү коомдук фонду SNER долбоорунун алкагында 880 англис тили мугалимдерин фонд тарабынан иштелип чыккан жана Билим берүү министрлиги тарабынан орто мектептерде колдонууга сунушталган окуу китептери боюнча окутууну пландаштырууда. ESTEAM долбоорунун алкагында фонд 400 физика, химия жана биология мугалимдери үчүн 128 сааттык англис тили курсун уюштурат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>