Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар 27 кишинин сөөгүн табышты

Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар 27 кишинин сөөгүн табышты

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандылардан 27 кишинин сөөгүн таап чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда,Түркия мамлекетинде ӨКМдин куткаруучулары издеп-куткаруу иштеринин натыйжасында жергиликтүү убакыт менен саат 16:30га карата 27 түркия жарандарынын сөөгүн таап чыгарышты.

ӨКМден барган медицина кызматкерлери жакындары каза болгон жарандарга психологиялык жана жаракат алгандарга медициналык жардамдарын көрсөтүүдө.

Куткаруучулар түзүлгөн графике ылайык иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 12 миң 873 киши каза таап, 62 миң 937 адам жараат алды. Сирияда 2662 киши каза болуп, 4 миңдей тургун жабыркады.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>