«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Министр Жаманкулов жаңы стадион кайсы жакта куруларын айтты
25.07.2022 | 17:17
Бишкектеги жаңы стадион Орок айылы тарапта салынат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда маалымат жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, учурда жаңы стадиондун так орду аныктала элек жана анын курулушу качан башталары белгисиз. Бирок ал Түштүк магистралынын (Жайыл Баатыр көчөсү) жогору жагында, Орок айылына жакын жерде курулушу мүмкүн.
Эскерте кетсек, жаңы стадиондун курулары тууралуу Азия кубогу – 2023 мелдешинин Бишкекте өткөн тандоо оюндары учурунда кабарланган. Жаңы стадион 22,5 миң кишиге ылайыкталып салынат.
Дөлөн Өмүзаков атындагы стадион 18,5 миң кишиге эсептелип, мындан 80 жыл мурда курулган.