Министрлер кабинетинин токтомдору акы төлөнүп алынабы?

Министрлер кабинетинин токтомдору акы төлөнүп алынабы?

Кыргызстанда коомдук маанилүү документтерди алуу оңой эмес. Министрлер кабинети айрым документтерге кирүү үчүн акы төлөнүшү керек деп чечкен сыягы.

Бүгүн, 2022-2026-жылдарга Кыргызстанда “Газ мотор отун кысылган жаратылыш газы рыногун өнүктүрүү” программасынын токтомун Министрлер кабинетинин сайтына жарыялады.

Документтин шилтемесин басканда сиз автоматтык түрдө Toktom.kg мамлекеттик эмес нормативдик жана башка документтердин архивинин барагына өтөсүз.

Белгилей кетсек, Toktom.kg порталы маалыматты пайдалануу үчүн акы талап кылат. Сайтта көрсөтүлгөн маалыматтарга караганда, документти бир жолку колдонуу 200 сом турат. Андан кийин жеткиликтүүлүк деңгээлине жараша баасы айына 39 миң сомго чейин көтөрүлөт.

Ошондой эле документтин чоо-жайы менен Юстиция министрлигинин сайтынан таанышуу мүмкүн эмес. Анткени издөө системасы жогоруда аталган программаны кабыл алуу датасын киргизүүдө бир гана документ чыгат. Ал документ 2020-жылдан тарта Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө футбол аянтчасын куруу боюнча чыккан токтом.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>