Бишкекте Советбек Жумадыловду эскерүү кечеси өтөт

Бишкекте Советбек Жумадыловду эскерүү кечеси өтөт

Кыргызстандын Эл артисти, театр жана кино жылдызы Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына карата 5-декабрда эскерүү кечеси өтөт Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында өтүүчү эскерүү кечеге Советбек Жумадылов менен бирге иштеген инсандар, театр, кино ишмерлери, жакындары, күйөрмандары катышат.

Советбек Жумадылов 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тепке айылында туулуп, балалык чагы Каракол шаарында өткөн.

Театрда, тасмада да ар тараптуу ролдорду чеберчилик менен аткарган Советбек Жумадылов унутулгус образдарды жаратып, элдин эсинде калган. Анын Семетей, Бакай, Отелло, Ричард, Мырзакул, Омар Хаям, Эдигей, Танабай, Эзоп сыяктуу образдары кыргыз театр өнөрүндөгү өзгөчө көрүнүш болгон.

Советбек Жумадылов актердук өнөрү менен Москвадагы театр сүйүүчүлөрүн да таң калтырган. 1986-жылы «Ричард III» жана 1988-жылы «Кылым карытар бир күн» спектаклдери менен Союздун борборуна барып, Ричард жана Эдигейдин образдары үчүн москвалык сынчы жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган.

Cоветбек Жумадылов азыркы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өмүрүнүн аягына чейин дээрлик жарым кылымга жакын эмгектенип, 1988-1990-жылдары театрдын көркөм жетекчиси кызматын аркалаган.

Актер 2001-жылы 24-мартта көз жумган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>