Министрлик доскадагы ката боюнча түшүндүрмө берди

Министрлик доскадагы ката боюнча түшүндүрмө берди

Билим берүү жана илим министрлиги Мыкан айылында ачылган мектептин доскасындагы «ката» боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомстовонун басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 25-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болгон. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер катышкан. Иш-чаранын алкагында алар мектептин башталгыч классынын сабагына катышышкан. Сабак учурунда тартылган сүрөттөн доскада “мак” жана “мяк” деген сөздөр жазылганын көрүүгө болот. Дал ушул жазуулар социалдык желелердин колдонуучуларынын жана айрым журналисттердин назарын бурду.

Талкууланып жаткан доскадагы жазуулар боюнча министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Жайчибекова Марал Таштанбековна Мыкан айылындагы Берлыбеков атындагы орто мектепте үчүнчү жылы иштеп жатат. Башталгыч класстардын мугалими катары ал өзүн жакшы жагынан көрсөттү. Анын методикасында окуучулардын көңүлүн бурууга карата тапшырмалар көп колдонулат. Сабакта да ал иштелип чыккан методиканы колдонгон. Бул атайын пландалган педагогикалык кырдаал болчу. Окуучулар сабакта “мак” жана “мяч” деген сөздөргө тыбыш-тамгалык талдоо жүргүзүшкөн. Сөздөгү катаны балдар өздөрү табышы керек болчу (“Катасын тап” оюну).

Адатта мындай тапшырмалар балдардын көңүлүн буруу, теманы өздөштүрүүдөгү мүчүлүштүктөрдү табуу жана алардын көрүү сезимин өнүктүрүү үчүн колдонулат. Мындай көнүгүүлөр орфографиялык сергектикти өнүктүрүүгө да таасирин тийгизет.

Ал эми айрым журналисттердин жана социалдык желелердин колдонуучуларынын маселенин чоо-жайын териштирбей туруп жаш мугалимди айыптаганы мугалимдик кесиптин кадырын арттырбайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>