Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бажы кызматынын жетекчилиги толугу менен отставкага кетти
26.10.2021 | 14:50
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы жана анын орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты Reporter.kg’ге аталган кызматтан тастыкташты.
Бүгүн, 26-октябрда Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ээлеген кызматынан бошотулганы белгилүү болду. Анын орун басарлары Кыялбек Мукашев менен Кубаныч Шатемиров дагы иштен кетти. Маалым болгондой, кызматтан кетүү алардын «башка кызматтарга» которулушу менен байланыштуу болгон.
Буга чейин жаңы жетекчилерди дайындоо маселеси чечилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат