Дагы бир депутат чет өлкөлүктөр үчүн суррогат энеликке тыюу салууну сунуштадыКыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койдуКыргызстанда «Баатыр энелердин» пенсиясына кошумча төлөмдү 5 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталуудаМамкатчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктадыКыргызстанда күн сайын рактан 10го жакын адам каза болот — депутатКыргызстанда «боз сертификаттарга» көзөмөл күчөтүлөт
Министрлик: Футбол дарбазасы басып калган окуучунун абалы жакшы
09.09.2019 | 10:21
Бишкектин Ак-Ордо конушундагы мектепте футбол дарбазасы басып калып, ооруканага түшкөн окуучу баланын абалы орто туруктуу. Бул тууралуу Салматтыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
“Окуучу башы жарылып, мээси жабыркаган абалда түшкөн. Абалы жакшырган соң, жалпы палатага которулган. Азыркы тапта оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө даарыланууда”, – деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2008-жылы туулган А.А. аттуу окуучу баланы 6-сентябрда футбол дарбазасы басып калып, ооруканага жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом