Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Министрлик: Коронавирусту жуктургандар сырттан келгендер менен байланышта болгондор
31.03.2020 | 12:24
Акыркы эки күндө Кыргызстандын аймагында вирусту жуктурган 23 учур аныкталды. Алардын ичинен 4 сырттан келгендер. Калган 19 адам чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор, тагыраак айтканда жергиликтүү ички жуктуруу. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди.
“Жуктуруунун 19 ички учурдун арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар. 15 учур 5 үй-бүлөлүк очокто жаралган. Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду”, – деди ал.
Кыргызстанда вирусту жуктургандардын жалпы саны 107ге жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом