Ат-Башыда эс алуу жайынан илбирс жана аюунун терилери табылдыМинистрлик F1H2O дүйнө чемпионатынан кийин Ысык-Көлдүн суусу булганбаганын билдирдиЖоголгон альпинисттерди издөө: куткаруучулар кесипкөй дронду ишке тартышатКара-Балтада жаштар ортосундагы мушташтан кийин 10го жакын жигит кармалдыЖоголгон альпинисттерди издөө иштерин катуу кар татаалдаштырды — кененирээкЖаан жаайт: 11-августка карата аба ырайынын божомолу
Анжелика кыйдырган бактардын экологияга келтирген зыяны эсептелди
25.01.2022 | 10:51
Ысык-Көл облусунун Түп районунда Балакчы-Ананьево-Каракол унаа жолундагы 4 дарактын кыйылышы фактысы боюнча пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкерлери аталган башкармалыкка бак-дарактарды кыюуга уруксат берүү боюнча арыздар түшпөгөнүн аныкташкан. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыян 25 940 сом 53 тыйынды түздү.
Экологияга зыян келтирүү боюнча иштин материалдары тиешелүү чараларды көрүү жана калыбына келтирүү үчүн Түп районунун ички иштер бөлүмүнө жиберилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом