Бажы кызматы мамлекетке 170 млн. сомдон ашуун зыян келтирген

Бажы кызматы мамлекетке 170 млн. сомдон ашуун зыян келтирген

Мамлекетке 170 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан ишкерлердин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүү фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында республиканын аймагына алынып келинген транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоонун мыйзамдуулугу текшерүүгө алынган.

Прокурордук текшерүү учурунда, бажы органдарынын кызмат адамдары транспорт каражаттарын ташыган тараптар менен укукка жат туруктуу байланышта болушуп, материалдык каражат жана артыкчылыктарды табуу максатында, Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен 2019-жылы өлкө аймагына келген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтерди колдонуу менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөндүгү аныкталган.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттерден улам республиканын бюджетине 170 млн. сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгендиги такталды.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>