Бишкекте Мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылды

Бүгүн, 22-майда, Бишкек шаарында Мигранттар үчүн ресурстук борбордун (МРБ) ачылышы өттү. Жаңы борбор мигранттар үчүн консультацияларды, чет өлкөгө кетүүгө чейинки багыт берүүчү жолугушууларды жана тренингдерди өткөрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Борборду ачуунун максаты жарандарга мыйзамдуу жана коопсуз миграция боюнча ишенимдүү маалымат берүү, ошондой эле адам сатуу жана эксплуатация тобокелдиктеринин алдын алуу болуп саналат. Ал Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун имаратында жайгаштырылды.

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин биринчи вице-спикери Медербек Алиев, эмгек министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Иш-чаранын алкагында Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору (ICMPD) менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Маалымат үчүн: Кыргызстандагы биринчи Мигранттар үчүн ресурстук борбор 2024-жылдын 5-мартында Ош шаарында ачылган. Ош шаарындагы борбор иштеп баштагандан бери 21 миңден ашуун жаранга көмөк көрсөткөн.