Мирлан Бакиров вице-спикерликтен кетти

Мирлан Бакиров вице-спикерликтен кетти

Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан кетүү тууралуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

«Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары  катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Бул чечимди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп берди», — деп жазган Төрөбаев.

Белгилей кетсек, Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрынан бери Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеп келе жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>