Мирзиёев добуштардын 80,1% алып, экинчи мөөнөткө шайланды

Мирзиёев добуштардын 80,1% алып, экинчи мөөнөткө шайланды

Өзбекстанда жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев жеңишке жетти. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, президент жалпы добуштардын 80,1% алды.

Расмий маалыматка ылайык, «Элдик демократиялык партиядан » Максуда Варисова добуштардын 6,6%, «Улуттук кайра жаралуу партиясынын» лидери Алишер Кодиров 5,5%, «Экологиялык партиядан» Назрулло Обломурадов 4,1%, «Адилет» партиясынан Бахрам Абдухалимов 3,4% алды.

БШК билдиргендей, добуш берүүгө 20 миллиондон ашуун шайлоочунун 80,8% катышты.

Өзбек оппозициясы шайлоодо чыныгы атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берилбегенин, «жасалма шайлоо» болгонун белгилеп жатат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары шайлоо тынч өткөнү менен «чыныгы атаандаштык болбогонун» билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>