«8-сентябрда президент Шавкат Миромонович Мирзиёев Ташкентте жаңы курулган үйдөн үч бөлмөлүү батир белек кылды. Ал бардык турмуш-тиричилик техникасы менен жабдылган. Үйгө 5-октябрда көчүп келдик. Президент Шавкат Мирзиёевге чоң рахмат! Аллах ыраазы болсун!», — деди журналист.
9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Өзбекстандын өтүнүчү менен Абдуллаевди Бишкекте кармаган. Бишкек соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. УКМК Абдуллаев 22-августта Ташкентке өткөрүлгөнүн кабарлаган. Журналист Ташкентке жеткирилгендин эртеси, 23-августта жүрүм-турум эрежелерин бузбоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулган.
Азырынча Өзбекстанда журналистке кандай айыптар тагылганы белгисиз. Бул тууралуу расмий маалыматтар жок.
Журналист өзү Бишкекте кармалгандан кийин мекенинде «Кара Мерген» деген каймана ысым менен өкмөткө каршы макалаларды жазууга айыпталып жатканын билдирген.
Бобомурод Абдуллаев 2017-жылы Өзбекстанда Конституциялык түзүлүштү кулатуу максатында кутумга барууа шектелип камакка алынган. 2018-жылы майда сот залынан бошотулган.