ЖКнын сайтын хаккерлер башаламандыкта уурдалган компьютер менен бузушкан

ЖКнын сайтын хаккерлер башаламандыкта уурдалган компьютер менен бузушкан

Жогорку Кеңештин сайтын хаккерлер башаламандыкта уурдалган компьютер менен бузушкан. Бул тууралуу басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын билдиришинче учурда сайт калыбына келтирилди. Анын коопсуздугу боюнча учурда адисттер иштеп жатышат. 

“Сайтты бешинчи алтынчы октябрда уурдалган компьютерлер аркылуу бузушкан. Аларда айрым аппараттын кызматкерлеринин логин паролдору болгон”, — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин   Жогорку Кеңештин сайтын бузуп, көзөмөлгө алган хаккерлер 10 миң доллар талап кылышып жаткандыгын билдиришикен. Өздөрүн “The Black Pirate” аташкан хаккерлер аталгандай билдирүүнү ЖКнын сайтына жайгаштырышкан. 

Алар сайттагы баардык маалыматтар алардын көзөмөлүндө экенин, 10 миң доллар төлөшсө кайра кайтара тургандыгын сайтка жайгаштырышкан.

Ошондой эле парламенттин расмий почтасы аркылуу бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлашкан.

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЖК сайт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>