Шавкат Мирзиёев нукустук тургундун үйүндө ооз ачты

Шавкат Мирзиёев нукустук тургундун үйүндө ооз ачты

30-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын Нукус шаарындагы Алтын-жагыс махалласына барып, тургундардын жашоо-турмушу менен таанышты.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, бул махаллада төрт миңден ашуун киши жашайт.

Мирзиёев махалладагы иштер менен таанышып, жашоочулар менен баарлашты.

«Район көрктөндүрүлүп жатканына кубанычтамын, элдер ыраазы экенин көрүп турам. Биз бул ишти бардык жерде улантабыз. Быйыл Каракалпакстандагы махаллаларды көрктөндүрүү, жол, суу, мектептерди, бала бакчаларды жана медициналык пункттарды куруу үчүн 1,5 триллион сум (130 миң доллардан ашык) бөлөбүз», — деди Мирзиёев.

Өзбекстан президенти Каракалпакстандагы 452 махалланын ар бирине кошумча 500 миллион сумдан (43 миң доллар) бөлүнөрүн айтты.

Мирзиёев жергиликтүү тургундардын биринин үйүнөн ооз ачты. Ал сүмөлөк даярдаган жергиликтүү жашоочулардын майрамына да катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>