Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Чүйдө абактан качууга аракет кылган соттолгон адамга ок атылды
18.10.2019 | 09:21
Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинде жаза өтөт жаткан 31 жаштагы соттолгон адам качууга аракет кылып, ага ок атылды. Бул тууралуу Репортер агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
Басма сөз катчынын айтымында, 17-октябрда эрте менен болгон.
“19 жылга соттолгон адам качууга аракет кылган. Аны токтотуу үчүн күзөтчү асманга эскертүү огун аткан. Ал ага карабай соттолуучу качууга аракет кылган. Мындан улам күзөтчү ага түз курал колдонгон. Соттолуучуга эки жолу ок тийип ал ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар