Москвада өткөн ушу-санда боюнча мелдеште кыргызстандыктар үч медаль утушту

Москвада өткөн ушу-санда боюнча мелдеште кыргызстандыктар үч медаль утушту

Кыргызстандыктар Moscow Wushu Stars 2022 эл аралык турниринде үч медаль жеңип алышканын ушу-санда боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Тагайбек Өмүржанов Reporter.kg сайтына билдирди.

Турнир 23-28-февраль күндөрү 15 өлкөдөн 900 спортчунун катышуусунда өттү. Бир нече бөлүмдөр боюнча медалдар ойнотулду. Ушу-санда секциясында Кыргызстандын атынан жети мушкер катышты. Чоңдор арасында 90 килограмм салмакта Мелисбек уулу Эламан күмүш тагынды. Азимбек Эргешов (өспүрүмдөр, 42 кг) да күмүш медалдын ээси болду. Аскат Өмүрзаков (жаштар, 60 кг) коло медалга ээ болду. Мындан тышкары Азимбек Эргешов көрүүчүлөрдүн сыйлыгын жана жеңишке болгон эрки үчүн сыйлыктарды алды.

«Пандемияга байланыштуу бизде сапарлар аз. Бул сапар 2022-жылы биринчи жолу болгон. Эл аралык тажрыйбага ээ болуш үчүн жаш курамды сынап көрүүнү чечтик. Тапшырманы балбандар абдан жакшы аткарышты. Каражаттын жетишсиздигинен бара албай калган балдарга өкүнүчтүү – алар дагы медаль алып келишсе болмок», — дейт Тагайбек Өмүржанов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>