Кайра шайлоо: Байкоочулар шайлоочулардын рекорддук төмөн көрсөткүчү болгонун айтты

Кайра шайлоо: Байкоочулар шайлоочулардын рекорддук төмөн көрсөткүчү болгонун айтты

Жогорку Кеӊештин депутаттарын кайра шайлоодо рекорддук төмөн көрсөткүч байкалды. Бул тууралуу маалымат жыйынында “Жалпы иш” коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы Аида Сүйүндүева билдирди.

Ал белгилегендей, БШКнын маалыматы боюнча шайлоочулардын 22,27 пайызы катышты.

«Бул рекорддук төмөн көрсөткүч. Белгилей кетсек, мурда бир мандаттуу округдар боюнча депутаттар шайланганда шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болгон. Бирок шайлоо өткөн сайын шайлоочулардын активдүүлүгү азайып баратканын көрүп жатабыз, аралаш системанын киргизилиши аны көбөйтүүгө жардам берген жок», — дейт Аида Сүйүндүева.

Анын айтуусунда, мындай көрсөткүчтү шайлоочулардын ырааттуу шайлоо өнөктүктөрүнөн чарчаганы, талапкерлерге ишенимдин жоктугу жана башка себептер менен түшүндүрүүгө болот.

Белгилей кетсек, кечээ, 27-февралда Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. БШКнын добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналарынын жыйынтыгында Биринчи май шайлоо округунан Эльвира Сурабалдиева, Свердлов районунан Абдурахманджи Муртазалиев алдыга чыкты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>