Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Муфтият Орозо айттын датасын белгиледи
18.05.2020 | 21:27
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы Орозо айт майрамы качан белгиленерин билдирди.
Муфтияттын маалыматына ылайык, ислам шариатында Орозо айынын башталышы жана аякташы Айдын жаңырышына карап аныкталат.
Бирок Орто Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен 24-май жекшемби Орозо айт майрамы деп белгиленген.
Муфтият жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экенин эскертип кетти.
Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев “Репортердун” суроосуна жооп берип жатып, Орозо айт майрамын белгилөө тартиби боюнча кошумча маалымат жакынкы күндөрү берилерин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом