Каракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралууСурабалдиева депутаттарга орой мамиле кылган чиновниктерге нааразы болдуКыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөтБишкекте курулуш люлькасынын кулашы: компанияга 200 миң сом айып салындыМинистрлер кабинети 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыгын чыгарды
Москвадагы терактка байланыштуу Бишкекте коопсуздук чаралары күчөтүлөт
23.03.2024 | 13:14
Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактыга байланыштуу Бишкек ШИИБдин башчысы кезексиз жыйын өткөрдү.
Шаардык милициядан билдиришкендей, ШИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев коопсуздук кызматтары менен бирге ири соода борборлору, базар, театр жетекчилери менен жыйындарды өткөрүүнү тапшырды.
ШИИБ башчысы коопсуздук чараларын күчөтүп, көзөмөл камераларын орнотуп, күзөттөгү кызматкерлердин дыкат иштеши керектигин белгилеген.
Ошондой эле, пландаштырылган массалык жана оюн-зоок иш-чараларында кийимдерди жана кол баштыктарды кылдаттык менен текшерип, шектүү буюмдарды дароо кабарлоону тапшырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар