Москвадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 60тан ашты

Москвадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 60тан ашты

Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракттын кесепетинен 60тан ашык адам каза болгону алдын ала аныкталды, деп Орусиянын Тергөө комитети билдиргенин РИА Новости жазды.

«Каза болгондордун сөөгүн кароо жүргүзүлүүдө.Теракттын кесепетинен 60тан ашуун адам каза болгону аныкталды. Тилекке каршы, алардын саны көбөйүшү мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде Россиянын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү, криминологдору жана эксперттери ИИМдин жана ФСБнын ыкчам бөлүмдөрү менен биргеликте тергөө амалдарын улантышууда. Каза болгондордун сөөгүн кароо жүргүзүлүүдө.

Теракт болгон жерден буюм далилдери, анын ичинде курал-жарак жана ок-дарылар алынып, бардык зарыл экспертизалар дайындалып, генетикалык, баллистикалык жана манжа изинин экспертизалары жүргүзүлүүдө. Видеокөзөмөлдөөчү камералар алынып, изилденип жатат.

22-мартта Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда «Пикник» тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматына караганда, куралдуу кол салуудан 40 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жабыркаганы маалымдалган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>