Муфтийди шайлоо эки айга жылдырылды

Муфтийди шайлоо эки айга жылдырылды

30-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши чукул жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аалымдар Кеңешинин чукул жыйынында Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылып, толук эки айдан кийин өткөрүү чечими кабыл алынды.

Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийинин кызмат ордуна, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин тыю салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин жогорку окуу жайларды бүткөндүгүн тастыктаган дипломдорунун аныктыгын жана документтерди кылдат текшерүү көп убакытты талап кылары, чагымчыл адамдардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузабыз деген сөздөрү Курултайды жылдырууга негиз болгон.

“Ошону менен катар айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолто болду. Бул иштерге тиешеси бар, мыйзамсыз аракеттерди жасаган жарандарга укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлмөкчү”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин айрым мүчөлөрү башка дубандарда жашагандыгына байланыштуу, жыйын онлайн өткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, курултай 5-апрелге белгиленген. Анда Муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берсе, Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырып, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталган.

Ага чейин Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылардын акчасынан жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталганы айтылган. Шектүү катары Мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>