Президент элчи кылып дайындаган мурдагы маалымат катчысын кабыл алды

Президент элчи кылып дайындаган мурдагы маалымат катчысын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Кыргызстандын КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалыматы кызматы билдирди.

Жапаров Султанбаевге жооптуу дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

«Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну тереңдетүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Эрбол Султанбаев Жапаровго беларус тарап менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча белгиленген пландар тууралуу айтып берген.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров Эрбол Султанбаевди Беларустагы элчи кызматына 31-октябрда дайындаган. Султанбаев 2021-жылдын май айынан бери Садыр Жапаровдун маалымат катчысы кызматын аркалап келген.

Президенттин маалымат катчысы элчи болуп дайындалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>