Муфтият: Шариятта ала качууга тыюу салынат

Муфтият: Шариятта ала качууга тыюу салынат

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы ала качуу шариятта арам экенин айтты.

“Урматтуу мекендештер! Ала качуу арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап үйлөнүүгө шарият жол бербейт.  Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам.  Ушундан улам Ислам дини көрсөткөн жол менен турмуш куруп, башка бирөөнүн өмүрүнө, ден соолугуна кедерги тийгизбөөгө чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле дин башкармалыгы  Айзаданын ата-энесине, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан.

“Шариятыбызга жана адамгерчиликке жатпаган жана инсандын жанын кейиткен аянычтуу окуя болду”, — деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кетип жатышкан тасманы жарыялашкан. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп кийин өз жанын кыйган.

Милициянын маалыматы боюнча кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган адам Орусияда каракчылык үчүн 6 жыл абакка кесилип жаза мөөнөтүн өтөп келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>